Коммерциялык банкттардын бирине 13,6 млн сом айып салынды

Экономика 3 август 2026 10:40
Коммерциялык банкттардын бирине 13,6 млн сом айып салынды

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Коммерциялык банктардын бирине мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 13 млн 600 миң сом айып пул салынды.

Улуттук банктан билдиришкендей, банкта ички контролдоо системасын уюштурууга карата Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптары жана финансылык жөнгө салуучу органдын ченемдик укуктук актылары сакталбагандыгы үчүн айып салынган.

Тиешелүү чара Улуттук банктын банк секторундагы көзөмөл иштеринин алкагында кабыл алынды.