Кыргызстанда Беларусь тракторлору чыгарылышы мүмкүн

Экономика
Кыргызстанда Беларусь тракторлору чыгарылышы мүмкүн
copyright icon WWW

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу пландалууда. Бул маселе күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун Беларуска болгон жумушчу сапарынын алкагында "Минск трактор заводунда" талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Эрлист Акунбеков Кыргызстанда айыл чарба техникасын жаңылоо жана дыйкандарды жеткиликтүү техника менен камсыздоо маанилүү багыт экенин белгиледи.

Анын айтымында, жергиликтүү өндүрүш техниканын өздүк наркын жана жеткирүү чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда Беларусь тракторлору чыгарылышы мүмкүн

Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда лизинг аркылуу дыйкандарга жалпы 36,8 млрд сомдук 13 миңден ашык айыл чарба техникасы берилген.

Мындан тышкары, "Белнефтехим" концерни жана "Ждановичи" агрокомбинаты менен кызматташуу маселелери каралды.

Ошондой эле 10-ноябрда өткөн Кыргызстан менен Беларустун аймактар аралык биринчи форумунун жыйынтыгында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, 2027-2029-жылдарга карата жол карталарына жана боордоштук байланыштарды түзүүгө багытталган алты документке кол коюлду.