Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районунда жылына 3 миң тоннага чейин даяр балык продукциясын чыгарууга жөндөмдүү заманбап завод ачылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, "Салих Аква" балык чарба кластеринин курамындагы ишкананын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - министр Эрлист Акунбеков катышты.
Заводдо форель, осетр жана балыктын башка түрлөрү иштетилип, даяр продукциялар чыгарылат. Ишкана башка ата мекендик балык өстүрүүчүлөрдөн да чийки зат кабыл алат.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдан бери кластерди өнүктүрүүгө 10 млн долларга жакын инвестиция тартылган. Анын 6,355 млн долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган.
Жаңы заводдун ишке кириши ата мекендик балык продукциясын кайра иштетүүнү көбөйтүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.