Браконьерликке каршы күрөшүү: Ысык-Көлдө рейд өтүүдө

Аймак
Браконьерликке каршы күрөшүү: Ысык-Көлдө рейд өтүүдө

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөшүү максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулууда.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгили Ысык-Көл форелинин табигый көбөйүү циклиндеги өзгөчө маанилүү учур болуп саналат. Бул мезгилде балыктар урук чачуу үчүн көлдөн анын куймаларына көтөрүлүшү байкалат.

Мындай учурда форелдерди мыйзамсыз кармоо алардын табигый көбөйүү процессине терс таасирин тийгизип, балыктардын популяциясына олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу регионалдык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар күчөтүлдү.