Ишкерлерди колдоо: бюджеттен 1,5 млрд сом жеңилдетилген насыя берилүүдө

Экономика Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 13:00
WhatsApp Image 2026-08-03 at 13.05.52.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда ишкерлерди жана стартап долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнүп, жылдык 2 пайыздык жеңилдетилген насыя берүү улантылууда. Бул тууралуу “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын башкармасынын төрагасынын аймактарды өнүктүрүү жана аналитика маселелери боюнча орун басары Улан Гайыпов жергиликтүү радиолордун биринен билдирди.

Маалыматка ылайык, программа министрлер кабинетинин чечимине ылайык Финансы министрлиги жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААК аркылуу ишке ашырылууда.

“Жеңилдетилген насыя берүү негизинен өлкөнүн региондорунун экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого, чакан жана орто бизнести колдоого багытталган. Мындан улам ишкерлер өндүрүштөрүн модернизациялап, жаңы жабдууларды сатып алып, ишканаларды ачууга мүмкүнчүлүк алышууда”, - деди ал.

Белгиленгендей, бул механизм экинчи жылы иштөөдө. Буга чейин каржылоо региондорду өнүктүрүү фонддорунун эсебинен жүргүзүлүп келген. Маселен, 2025-жылы 245 ишкерге жалпы 1 млрд 200 млн сом жеңилдетилген насыя берилгендиги белгиленди.