Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Бул күндөрү Кыргызстан бир эле учурда бир нече эл аралык процесстин борборуна айланды. Ысык-Көлдүн жээгинде Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуулары өтүп, аймактык кызматташтык маселелери талкууланды.
Ошол эле учурда дүйнөлүк спорт коомчулугунун көңүлү UIM Formula 1 H2O боюнча дүйнө чемпионатынын этабына бурулду. Бул окуялар Кыргызстанды аймактык жана эл аралык маалыматтык күн тартибинин борборуна чыгарды.
Ысык-Көл дипломатиянын, спорттун, туризмдин жана экономиканын кесилишкен маанилүү аянтчасына айланды. Бул жерге расмий делегациялар, эл аралык командалар, дүйнөлүк федерациялардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк журналисттер жана миңдеген коноктор келишти. Миллиондогон көрүүчүлөр жарышты гана эмес, заманбап Кыргызстанды да көрдү.
Мындай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү олуттуу даярдыкты, өнүккөн инфраструктураны, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана бардык мамлекеттик органдардын уюшкан ишин талап кылат. Ошондуктан мындай иш-чаралар спорттук мелдеш эле эмес, мамлекеттин уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн көрсөткүч болуп саналат.
Кыргызстан үчүн Formula 1 H2O дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүү өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого, Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңири таанытууга, инвесторлордун кызыгуусун арттырууга жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Мындай эл аралык иш-чаралар өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгүнө айланып, жаңы кызматташтыктарга жол ачат жана Кыргызстанды заманбап, ачык жана дүйнөлүк процесстерге активдүү катышкан мамлекет катары таанытат.
Бул күндөрдүн негизги жыйынтыгы спорттук көрсөткүчтөр менен гана чектелбейт. Борбор Азиянын жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү Кыргызстанга бурулуп, Ысык-Көл эл аралык кызматташтыкты, спортту жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бириктирген маанилүү аянтча экенин дагы бир жолу тастыктады.