Кыргызстан аялдарынын энциклопедиясы: Тарых барактары жаңы том менен толукталды

Коом 27 февраль 2026 10:55
641637457_1486593930141903_7553501515168487013_n.jpg
641371264_1486594020141894_1366983067981825613_n.jpg
641795366_1486593993475230_7765207929722598687_n.jpg
642799058_1486593953475234_1562857963317788635_n.jpg
642221970_1486593986808564_6717200829807429470_n.jpg
641649239_1486594053475224_1068279364290760841_n.jpg
642175090_1486594013475228_4856638051366253781_n.jpg
641427900_1486593926808570_4970751743018263775_n.jpg
642703126_1486593956808567_6906610869925195567_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 27.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Аялдардын эл аралык күнүнө жана “Кыргызстан аялдарынын энциклопедиясы” 9-томунун бет ачарына арналган иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Өз кайрылуусунда ал кыргыз аялдарынын салттарды сактоочу, жаратуучу жана шыктандыруучу катары өзгөчө миссиясына токтолду.

Ал президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен демилгеленген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун жүзөгө ашыруу боюнча иштер активдүү жатканын айтып берди.

“Анын маңызы ушул: биздин ар бир иш-аракетибиз элибизди дүйнөлүк бийиктикке жакындатышы керек. Уңгу жолдун алкагында биз кыргыз маданиятындагы ренессансты, “Кыргыз ренессансын” жаратышыбыз керек. Башкача айтканда, биз аялзатынан чыккан XXI кылымдын залкарларын, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Бүбүсара Бейшеналиева, Күлүйпа Кондучалова, Таттыбүбү Турсунбаева, Динара Асанова сындуу жаңы муундун залкарларын көргүбүз келет, аларды тапташыбыз зарыл. Тарыхтын талабы, бизге койгон ультиматуму ушундай!” - деп өзгөчө белгиледи мамлекеттик катчы.

Ал кыргыз аялдары – улуттун уңгусу, үй-бүлөнүн жүрөгү, коомдун күчү экенин айтты. Энелерибиздин ак сүтү, эжелерибиздин мээрими, кыздарыбыздын үмүтү – өлкөбүздүн эртеңки жаркын келечегинин негизи.

Ал 9-томдун жарык көрүшү – аялдардын ар кыл тармактардагы жетишкендиктерин таануу жана кийинки муундарга үлгү калтыруу багытындагы маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Арслан Койчиев бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт-таалай, чыгармачылык дем жана жаңы ийгиликтерди каалады.