Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Себеби

Коом Загрузка... 28 Апрель 2026 15:40
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, мындай чара Кытайда Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу көрүлүүдө.

Ошентип, 30-апрелден тарта "Эркечтам - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 22:00дөн тарта, ал эми "Торугарт - унаа жолу" өткөрүү пунктунда саат 20:00дөн баштап адамдарды, унаа жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.

Аталган пункттар аркылуу өткөрүү 2-майда саат 08:00дөн тарта кайра жанданат.

Ал эми "Бедел - унаа жолу" өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейинки аралыкта өткөрүү операцияларын жүргүзүү үчүн жабык болот. Иштөө тартиби 6-майда саат 08:00дөн тарта кайра калыбына келет.

Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына мамлекеттик чек арадан өтүүнү пландаштырууда бул маалыматты эске алууну сунуштайт.