Кыргыз-индия биргелешкен аскердик машыгуулары өтүүдө – сүрөт

Коом 13 февраль 2026 16:42
1.jpg
633368419_1396823849124378_3261755986937952637_n.jpg
633347212_1396824072457689_3007399673257053543_n.jpg
633427418_1396824162457680_8625916256110759250_n.jpg
633555837_1396824039124359_347263854741050320_n.jpg
634114591_1396824135791016_6819704804643742674_n.jpg
633573882_1396823875791042_6932511301962148644_n.jpg
634157780_1396823985791031_7250668032832988618_n.jpg
634254489_1396823895791040_3293560731108424878_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. 4-17-февраль аралыгында Индиянын Гувахати шаарында кыргыз-индия биргелешкен "Канжар-2026" машыгуулары өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага 52870 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары катышууда.

Машыгуунун максаты биргелешкен атайын операцияларды өткөрүүдө өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Эки жумага созулган программанын алкагында тоолуу аймактарда мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү нейтралдаштыруу жана шаар шартында күжүрмөн аракеттерди жүргүзүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгууда.

Программа тактикалык, тоо, ок атуу жана аскердик-медициналык даярдыкты, имараттарга чабуул коюуну, толук жабдууда сууда сүзүүнү, инженердик даярдыкты, учкучсуз учуучу аппараттарга каршы аракеттенүүнү, тик учактардан аркан аркылуу түшүрүүнү, ошондой эле экстремалдык шарттарда аман калуу көндүмдөрүн камтыйт.