Кыргыз-француз мамилелерин өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Саясат 8 сентябрь 2026 10:05
799682619_1448014180514770_1185232415654020727_n.jpg
799844194_905281272348293_8963889568640266870_n.jpg
800086898_1466853105348905_8328475908073718295_n.jpg
796866853_2619107178541337_6515105108696324708_n.jpg
799160407_926871883808917_28371212831526681_n.jpg
799171576_1455367536646261_9121793933659812026_n.jpg
799458955_1699926737761048_1692327979957279859_n.jpg
799487161_27821407567561300_418129224989799342_n.jpg
Алдыга
Артка
799682619_1448014180514770_1185232415654020727_n.jpg
799844194_905281272348293_8963889568640266870_n.jpg
800086898_1466853105348905_8328475908073718295_n.jpg
796866853_2619107178541337_6515105108696324708_n.jpg
799160407_926871883808917_28371212831526681_n.jpg
799171576_1455367536646261_9121793933659812026_n.jpg
799458955_1699926737761048_1692327979957279859_n.jpg
799487161_27821407567561300_418129224989799342_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия-Франция достук тобунун төрагасы Катрин Эрвьё жетектеген Французнын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар кыргыз-француз мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду жана парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Француз делегациясы кыргыз тарапты Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы, ошондой эле ШКУ Саммитинин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

Мындан тышкары, тышкы саясий ведомствонун башчысы француз парламентарийлерине Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишинин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына француз командасынын катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аларды жеңип алган медалдары менен куттуктады.

Өз кезегинде Эрвьё эки тараптуу кызматташтыктын динамикасына оң баа берип, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү талкуулоонун алкагында тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге да токтолушту. Ушуга байланыштуу министр Кулубаев кесиптештерине колдонулуп жаткан эл аралык санкциялык чараларга карата Кыргызстандын позициясын жеткирип, тышкы соода операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан практикалык кадамдар тууралуу маалымдады.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин бардык спектри боюнча ачык пикир алмашууну улантууга өз ара даярдыгын ырасташты.