Кыргызстан менен Бенин визасыз режим боюнча макулдашты

Саясат 26 сентябрь 2026 12:20
8c0a66c6-1dfe-478a-9538-63a0e79ddf04.jpg
7721fe32-db0f-40be-b99e-378b464f33e2.jpg
ed13419a-ef2e-4a3f-b6a5-9fcd55eac8cd.jpg
fecda592-47b1-4841-bd33-e2e645b0e1c9.jpg
Алдыга
Артка
8c0a66c6-1dfe-478a-9538-63a0e79ddf04.jpg
7721fe32-db0f-40be-b99e-378b464f33e2.jpg
ed13419a-ef2e-4a3f-b6a5-9fcd55eac8cd.jpg
fecda592-47b1-4841-bd33-e2e645b0e1c9.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бенин тышкы иштер министри Коринн Амори Брюне менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартиби талкууланды. Кыргызстандын 2028-2029-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.