Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Күн мурун Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК) бейрасмий жыйынына катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында өттү.
Жыйындын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары ТМУнун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Негизги көңүл Уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын алдыдагы 13-Саммитине даярдык көрүүгө бурулду.
Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогондугу үчүн ТМУга мүчө бардык мамлекеттерге кайрадан ыраазычылык билдирди.
Бейрасмий жыйындын жыйынтыгында министрлер тарабынан биргелешкен билдирүү кабыл алынды.