Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Комор Аралдары Союзу дипломатиялык мамилелерди түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү документке БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Комор Аралдары Союзунун тышкы иштер ведомствосунун жетекчиси Мбае Мохамеддин жолугушуусунда кол коюлду.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду.

Тараптар саясий диалогду активдештирүү жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУ жана ИКУ алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар мындан ары достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.