Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Беларустун транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары Бактылуу Аскар уулу менен Сергей Дубина жолугушту.
Министрликтен маалымдашкандай, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларынын алкагында өттү.
Анда тараптар транспорт тармагын санариптештирүү жана унаа жол өткөрүү пункттарын өнүктүрүү, анын ичинде мамлекеттик чек арадан өтүү процедураларын жөнөкөйлөтүү, транспорт тармагын санариптештирүү багытында маалымат алмашты.

Айрыкча чек арадан өтүү процессин жөнөкөйлөтүүгө жана ылдамдатууга багытталган электрондук системаларды киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Беларусь тарап электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (e-CMR) системасын киргизүү боюнча өзүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле, "e-Permit" системасын ишке ашыруудагы жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.
Мындан тышкары, темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде “Кытай –Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу” долбоорун ишке ашыруу тууралуу да сөз болду.