Курулуш министрлиги батирлерди котловандан сатып албоону сунуштайт

Коом Загрузка... 05 Февраль 2026 13:37
unnamed_51.png
copyright icon WWW

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Ош шаарында "Эмаком" компаниясы 6 кабаттуу үй курган, бирок тургундар жылытуу казанынын (котёл) жоктугуна даттанууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Исраилов билдирди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Эмаком" компаниясы бүгүнкү күндө банкрот болгонун жана анын каражаты жок экенин белгиледи.

"Алардын Бишкек жана Ош шаарларындагы көптөгөн объектилери жарым-жартылай курулган же пайдаланууга берилген эмес. Бир нече объект боюнча биз жардам берип, пайдаланууга бердик. Бул маселелерди чечип жатабыз. Президенттин тапшырмасы менен жакынкы арада бүтпөй калган үйлөр боюнча чечим кабыл алабыз. Калкты тийиштүү документтери жок компанияларга ишенбөөгө жана батирлерди котловандан сатып албоого чакырабыз. Курулуш материалдарынын баасы кымбаттаганын, айрым курулуш компанияларынын каржысы жок экенин эске алуу керек", - деп билдирди министр.