Айыл чарба адистери Кореянын ирригация тармагындагы алдыңкы өндүрүшү менен таанышты

Коом 27 апрель 2026 17:45
680787916_122210590754341273_6374106467619493009_n.jpg
681177520_122210591216341273_1103321930107331505_n.jpg
683688469_122210590850341273_8446155436619359760_n.jpg
684481357_122210591168341273_5097057662375609261_n.jpg
Алдыга
Артка
680787916_122210590754341273_6374106467619493009_n.jpg
681177520_122210591216341273_1103321930107331505_n.jpg
683688469_122210590850341273_8446155436619359760_n.jpg
684481357_122210591168341273_5097057662375609261_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Эрлист Акунбеков иш сапары менен Түштүк Кореяда жүрөт.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр иш сапарынын алкагында KOMOTO Inc компаниясынын өндүрүштүк объектилери менен жеринде таанышты.

Министр баштаган делегация суу агымдарын жөнгө салуучу жабдууларды, анын ичинде жөнгө салуучу клапандарды жана башкаруу системаларын иштеп чыгууга жана өндүрүүгө адистешкен ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда энергетикада, суу чарбасында жана өнөр жайда колдонулуучу заманбап инженердик чечимдер, өндүрүш линиялары жана сыноо базасы көрсөтүлдү.

Ошондой эле гидропостторду жана сугат каналдарын аралыктан башкаруу технологиялары сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн, жабдууларды жеткирүүнү, ошондой эле инженердик кызматташтыкты жана адистерди даярдоону өнүктүрүү маселелерин карашты.