Бишкек , 18.12.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 18-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Тоо этектериндеги жана тоолордогу жолдордо муз тоңуп, айрым жерлерде туман түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -1…+4, Талас облусунда -1…+4, Баткен облусунда +3...+8, Ош, Жалал-Абад облустарында +4...+9, Ысык-Көл облусунда +2...+7, Нарын облусунда -3…+2°ка чейин жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында кар жаайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +1…+3° жылуу болот.