Космосто калган кытайлык космонавттар Жерге кайтып келди

Дүйнө 547 17 Ноябрь 2025 10:52
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.30 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.30.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.30 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-17 at 08.14.30.jpeg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.25 /Кабар/. Космосто калып калган кытайлык "Шэньчжоу-20" космос кемесинин экипажы — Чэн Дон, Чжан Чжужан жана Ван Цзе узак убакыттык миссиясын ийгиликтүү аяктап, Жерге кайтып келишти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, космонавттар орбитада 204 күн болушкан. Алардын ден соолугу учурда жакшы.

Экипаждын командири Чэн Дон күн мурун Пекин убактысы боюнча саат 17:21де капсуладан биринчи болуп чыккан. Ал азыркыга чейин орбитада 400 күндөн ашык убакыт өткөргөн биринчи кытайлык космонавт катары тарыхта калды.

Эске салсак, космонавттардын кайтып келиши алгач 5-ноябрга пландаштырылган. Бирок, космостук таштандылар менен кагылышуу коркунучу жаралгандыктан, миссия кечиктирилген.

Буга чейин экипаждын мүчөлөрү орбитада 200 күндөн ашык убакыт өткөрүп, Жерге кайта албай жатканын кабарлашкан.