Кореялык бизнеске Кыргызстандын инвестициялык дарамети тааныштырылды

Экономика 17 сентябрь 2026 14:30
WhatsApp Image 2026-09-17 at 14.20.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 14.20.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 14.20.30.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-17 at 14.20.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 14.20.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 14.20.30.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Борбор Азия — Корея Республикасы" биринчи бизнес-саммитинин алкагында Кыргызстандын негизги инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана кореялык бизнес менен кызматташуунун келечектүү багыттарын тааныштырды.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунда түзүлүп жаткан жана англис укугунун негизинде иш алып бара турган "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагына (АФИА) өзгөчө көңүл бурулду.

Долбоор бир аймакта финансылык борборду, эл аралык аэропорттун жанындагы логистикалык кластерди, IT-экосистеманы жана курорттук зонаны бириктирүүнү карайт. "Тамчы" АФИАсы кореялык инвесторлордун катышуусу менен ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн келечектүү аянтча катары каралууда.

Сөзүнүн жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү динамикасын көрсөтүп жатканын белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 11,1 пайызды, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 11,9 пайызды түздү. Экономиканын бардык негизги тармактарында оң динамика байкалууда. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан дүйнөдө ИДПнын өсүшүнүн эң жогорку темптеринин бирин көрсөткөн алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди.

2025-жылы Кыргызстандын Борбор Азия өлкөлөрү жана Корея Республикасы менен товар жүгүртүүсү 4 млрд АКШ долларына жетти. 2026-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 2 млрд АКШ долларына жакын болду. Өз ара сооданын көлөмү орточо эсеп менен 40 пайызга өсүүдө.

Жетишилген көрсөткүчтөр түз жеткирүүлөрдөн продукцияны кураштырууну локалдаштырууга, комплекттөөчү тетиктерди өндүрүүгө жана жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө өтүү үчүн негиз түзөт. Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн салыктык жана бажылык жеңилдиктер, ошондой эле белгиленген режимдин алкагында жабдууларды жана чийки затты алып келүүдө айрым салыктардан жана алымдардан бошотуу каралган.

Өлкөнүн артыкчылыктарынын катарына электр энергиясынын жеткиликтүү наркы, атаандаштыкка жөндөмдүү жумушчу күчү, инженердик инфратүзүмү бар жер тилкелерин берүү мүмкүнчүлүгү жана инвесторлорду «бирдиктүү терезе» принциби боюнча коштоо да кирет.

Министр айыл чарба техникасын, коммерциялык автотранспортту, өнөр жай жабдууларын жана комплекттөөчү тетиктерди ири түйүндүү жана майда түйүндүү ыкма менен кураштырууну уюштурууну сунуштады. Ошондой эле Борбор Азиядагы кореялык жабдууларды тейлөө үчүн аймактык сервистик хабды, ошондой эле Кыргызстандын техникалык жогорку окуу жайларынын базасында биргелешкен окуу борборлорун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Жеңил жана текстиль өнөр жайында да кызматташуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңден ашуун адис эмгектенет. Ишканалар ири буюртмаларды аткаруу тажрыйбасына ээ жана рыноктун талаптарына ыкчам ыңгайлаша алышат. Кыргыз тарап кореялык кездеме бычуу комплекстерин, санариптик долбоорлоо системаларын, өндүрүш процесстерин автоматташтырууну жана Smart Sewing технологияларын киргизүүгө кызыкдар.

Флагмандык демилге катары "KG–KR" индустриалдык паркын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды. Долбоор инженердик инфратүзүмү бар жер тилкесин берүүнү, кореялык технологияларды жана сапат стандарттарын Кыргызстандын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштырууну, ошондой эле андан ары экспорттоо үчүн жогорку кошумча наркы бар продукцияны кластердик негизде өндүрүүнү уюштурууну карашы мүмкүн.

Кыргыз тарап биргелешкен жумушчу топ түзүүнү, кызматташуунун артыкчылыктуу тармактарын аныктоону жана эки-үч пилоттук долбоорду тандап алууну да сунуштады.

"Кыргыз Республикасы диалогдон практикалык аракеттерге өтүүгө даяр. Кыргызстан кореялык бизнес үчүн Борбор Азиядагы ишенимдүү өндүрүштүк жана экспорттук аянтча боло алат", — деп баса белгиледи Бакыт Сыдыков.