Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан Корея менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөдө корей бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
“Биз айрым инвестициялык долбоорлорду гана ишке ашырууга эмес, корей бизнесинин Кыргызстанда кеңири жана узак мөөнөттүү катышуусуна кызыкдарбыз. Өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө жана өндүрүштү локалдаштырууга өзгөчө көңүл бурабыз”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.
Буга байланыштуу президент корей компанияларын автомобиль куруу, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу жана башка келечектүү багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Садыр Жапаров ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнө биргелешип бир нече артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктап, аларды бардык этаптарда коштоону камсыз кылууну сунуштады.