Мамлекеттик органдарга Hyundai IONIQ 5 электроунаалары берилди

Коом 4 март 2026 09:15
640393516_18084703103343965_2500299146545524080_n.jpg
640375400_18084703091343965_7630313711661365177_n.jpg
640393252_18084703094343965_3694053572116927500_n.jpg
640440482_18084703112343965_8132619489284314948_n.jpg
641247255_18084703088343965_6663510835544272595_n.jpg
641297220_18084703055343965_9207111491196547823_n.jpg
641910640_18084703067343965_143191737862561037_n.jpg
645810991_18084703121343965_5902214940242406117_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Корея Кыргызстандын мамлекеттик органдарына Hyundai IONIQ 5 маркасындагы 10 электромобиль берди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар Кыргызстанда "жашыл" мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана мамлекеттик кызматтардын автопаркын электр унааларына өткөрүү долбоорунун алкагында берилди.

Бул салтанат долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы болуп саналат.

Мындан ары корей тарап көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана экологиялык туруктуу чечимдерди киргизүү максатында “Кыргыз почтасы” ААКтын автопаркын модернизациялоону, ошондой эле мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү заряддоо инфраструктурасын түзүүнү пландаштырууда.