Бишкек, 05.05.26. /Кабар/. Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Өскөнбаев кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.
Ал бул күндүн мамлекеттик-укуктук, ошондой эле терең тарыхый жана баалуулук мааниси бар экенин белгиледи.
“Конституциянын кабыл алынышы биздин элдин көз карандысыз, адилеттүү коомду курууга болгон кылымдардан берки умтулуусунун, инсандык ар-намысты урматтоонун жана мыйзамдуулук принциптерин бекемдөөнүн логикалуу уландысы болуп калды. Кыргыз мамлекеттүүлүгү –элдик курултай салттуулуктан жана демейки укуктун ченемдеринен тартып заманбап конституционализмге чейинки татаал жолду басып өттү, анда мыйзамдын үстөмдүгү идеясы дайыма негизги тирек бойдон калууда.
Конституция — бул жөн гана юридикалык документ эмес. Бул эркиндик, теңдик жана жоопкерчилик принциптерин бекемдеген коомдук келишимди билдирет. Ал мамлекеттик бийликтин чектерин аныктайт, ошол эле учурда мамлекет менен жарандын ортосундагы ишенимдин негизи болуу менен адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун кепилдиги болуп кызмат кылат.
Өнүгүү жылдарында Конституция коомдогу саясий, социалдык жана укуктук өзгөрүүлөрдү чагылдырып, бир нече жолу өркүндөтүлдү. Бирок анын негизги миссиясы – мамлекеттин туруктуулугун, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жана адам укуктарынын артыкчылыгын камсыз кылуу миссиясы өзгөрүүсүз бойдон калууда.
Бул шарттарда конституциялык көзөмөл органдарына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлгөн. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституциянын сакчысы катары анын түздөн-түз колдонулушун, бир түрдүү түшүнүлүшүн камсыз кылууга жана ар кандай чечмелөөдөн коргоого милдеттүү. Бир да ченемдик акт же чечим Баш Мыйзамга карама-каршы келбейт деген принцип конституциялык сот адилеттиги аркылуу ишке ашырылат.
Бүгүн глобалдык чакырыктар жана ички өзгөрүүлөр шартында Конституциянын мааниси дагы да артууда. Ал укуктук багыт берүүчү гана эмес, мамлекет менен коомдун өнүгүү векторун аныктаган адеп-ахлактык компас катары да кызмат кылат.
Конституцияга сый-урмат мамиле, укуктук маданият жана ар бир адамдын жарандык жоопкерчилиги өлкөбүздөгү туруктуулуктун, прогресстин жана адилеттүүлүктүн негизги кепилдиги экендигине ишенем.
Бул маанилүү күнү Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тынчтык, ынтымак, келечекке болгон ишеним жана демократиялык баалуулуктардын мындан ары да бекемделишин каалайм”, - деди ал.