Күн күркүрөп, жаан жаайт. 12-майга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 12 Май 2026 09:35
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.14.11.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15...+20, Талас облусунда +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл облусунда +14...+19, Нарын облусунда +11...+16 градуска жетет.

Ал эми Бишкек шаарында +17...+19, Ош шаарында +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.