Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Окумуштуулар Күндүн Жерден көрүнгөн бетинде жаңы тактардын тобу пайда болгонун билдиришти. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институту жана Күн–Жер физикасы институтуна таянып, Интерфакс маалымдады.
Адистердин айтымында, Күндө болгон негизги өзгөрүүлөр - бул жаңы, байкаларлык тактардын тобунун пайда болушу. Бул топко 4378 деген номер берилди.
Окумуштуулар бул тактар Күндүн сол четинде, экватордон бир аз жогору жагында байкалганын айтышты. Ал жерден жаркыраган ийри сызыктар көрүнүп, ошол аркылуу жаңы өзгөрүүлөр аныкталган.
Буга чейин Россия илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун илимий жетекчиси Лев Зеленый акыркы жылдары Күндүн активдүүлүгү күчөп жатканын айткан. Анын божомолуна ылайык, жакынкы ондогон жылдарда Күндүн активдүүлүгү дагы көбөйүшү мүмкүн.