Сууга түшүү сезону: Кырсык учурунда биринчи жардам көрсөтүүнү билесизби?

Ден соолук Загрузка... 13 Июль 2026 13:45
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Өлкөдө жайкы сууга түшүү сезону кызуу жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого жана кырсык учурунда биринчи жардам көрсөтүүнү билүүгө чакырат.

ӨКМ адистери эскерткендей, сууда кокустан өзгөчө кырдаал жаралса, ар бир секунд адам өмүрү үчүн чечүүчү мааниге ээ болот.

Куткаруучулар бул жөнөкөй, бирок өтө маанилүү көндүм кырсык учурунда адамдын өмүрүн сактап калууга чоң өбөлгө болорун баса белгилешет.

ӨКМ бардык жарандарды суу жээгинде эс алууда өзүнө жана жакындарына сак болууну өтүнөт.