Түндүк-Түштүк жолуна 8 миң куб метр кар көчкү түштү. Тазалоо иштери жүрүүдө

Аймак Загрузка... 12 Февраль 2026 15:53
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Бүгүн саат 09:29 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал тилкесинин 198-200-чакырымдар аралыгына кар көчкү түшкөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүнүн көлөмү 7000-8000 куб метрди түзгөн.

Учурда жол эки тараптуу жабык. Министрликке караштуу №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жерине атайын техникалар тартылып, иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.