Балыкчыда 538 млн сомдук муниципалдык базар курулууда

Аймак
Балыкчыда 538 млн сомдук муниципалдык базар курулууда

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Балыкчы шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай жана инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, Балыкчы шаарында соода инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ишкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган жаңы муниципалдык базардын курулушу да жүрүп жатат.

Долбоордун жалпы наркы 538 млн сомду түзөт. Курулуш аяктагандан кийин базардын аймагында 350дөн ашык соода оруну жана унаалар үчүн 200 токтотуучу жай каралат.