Бишкек, 14.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кыймылсыз мүлкүнө камак салынгандыктан сатып алган батирлерин өз атына каттай албай жаткан Балыкчы шаарынын 32 үй-бүлөсүнүн маселесин териштирүүнү Ички иштер министрлигине тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Балыкчы шаарынын жана Ысык-Көл районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Балыкчы шаарынын тургуну Нурбек уулу Эржандын айтымында, 2021-жылы 32 үй-бүлө "Раян Билдинг" курулуш компаниясынан батир сатып алып, ошондон бери жашап келишет. Бирок 2023-жылы курулуш компаниясынын башка объектилериндеги көйгөйлөргө байланыштуу аталган 32 батирге камак салынган. Натыйжада жашоочулар техникалык паспорт ала албай, батирлерди өз атына каттата албай калышкан.
Арыздануучунун билдирүүсүнө караганда, тургундар өз каражаттарына юрист жалдап, 17 батирдеги камакты алдырууга жетишкен. Кийин калган 15 батирге кайрадан камак салынган.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин маалыматына ылайык, "Раян Билдинг" компаниясы Бишкек жана Кант шаарларындагы курулуш объектилерин аягына чыгарбай койгон. Ушуга байланыштуу кылмыш иши козголуп, мүлктөргө камак салынган.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов шектүү аял жаңы төрөлгөн баласы бар болгондуктан камактан бошотулганын билдирди. Ал эми мүлктөрдү мыйзамсыз ээликтен ажыратууга жол бербөө максатында соттун чечими менен камак күчүндө калууда.
Мамлекет башчысы ИИМге маселени дыкат териштирип, жарандардын укуктарын коргоо, көйгөйдү чечүү жана жабыркагандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.