Балыкчыда ооруканалар жаңыланып, жүрөккө операциялар жасалууда

Аймак
Балыкчыда ооруканалар жаңыланып, жүрөккө операциялар жасалууда
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Балыкчы шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай жана инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты. 

Анда маалымдалгандай, Балыкчы шаарында медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө 270 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери жүргүзүлүп, медициналык мекемелер жаңы жабдуулар менен камсыздалган. Катетеризациялык лаборатория пайдаланууга берилгенден кийин 235 жаранга жүрөк стенттери орнотулган.