Чолпон-Ата жана Ананьеводо 100 орундуу эки оорукана курулууда

Аймак
Чолпон-Ата жана Ананьеводо 100 орундуу эки оорукана курулууда
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, учурда Чолпон-Ата шаарында жана Аңаньево айылында 100 орундуу эки оорукана куруу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.

Ошондой эле Чолпон-Ата шаарында жана Бактуу-Долоноту, Бостери, Кара-Ой айылдарында тазалоочу курулмалар курулууда.