Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуусунда жол, мектеп, турак жай жана шаардык инфраструктурага байланыштуу маселелер көтөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда тургундар талаштуу жер тилкесин чечүү, мектепти капиталдык оңдоо, тосулуп калган ички жолдорду ачуу, көчөлөргө асфальт төшөө, жаңы сквер куруу жана Кең-Сай конушунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кайрылышты.
Ошондой эле ипотекалык турак жай, мектептердин жанындагы жол коопсуздугу, кошумча аялдамаларды куруу, канализация тутумун жакшыртуу, маршруттук каттамдарды жөнгө салуу жана тротуарларды оңдоо маселелери айтылды.
Шаар мэри көтөрүлгөн маселелер боюнча түшүндүрмө берип, айрым көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жеринде тапшырмаларды берди. Ал тургундардын сунуштары жана кайрылуулары көңүл сыртында калбай турганын белгиледи.