Чолпон-Атада тоо лыжа базасын жана аквапарк куруу пландалууда

Аймак
Чолпон-Атада тоо лыжа базасын жана аквапарк куруу пландалууда
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай жана инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, перспективдүү долбоорлордун катарында кышкы туризмди өнүктүрүү, Чолпон-Ата шаарында 2,6 млрд сом инвестициянын эсебинен тоо лыжа базасын куруу, ошондой эле Кес-Сенир аймагында аквапарк куруу пландары бар.