Ысык-Көл районунда 220 чакырым жол асфальтталды

Аймак
Ысык-Көл районунда 220 чакырым жол асфальтталды
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Ысык-Көл районунда 5 жыл ичинде жол инфраструктурасын өнүктүрүү багытында олуттуу иштер аткарылган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн Ысык-Көл районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалымдалгандай, жалпысынан бул мезгилде район аймагында 220 чакырым жол асфальтталган. Анын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 175 чакырым автомобиль жолу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 45 чакырым ички көчө асфальтталган.

Мындан тышкары, 97 чакырым тротуар, 26 чакырым курорттук жол жана үч жээк аймагы көрктөндүрүлгөн.