Ысык-Көлдө 40тан ашуун соцобъект пайдаланууга берилди

Аймак
Ысык-Көлдө 40тан ашуун соцобъект пайдаланууга берилди
copyright icon WWW

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, бул мезгил аралыгында райондо 6 мектеп, 9 бала бакча, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 фельдшердик-акушердик пункт, 7 спорт зал, кичи футбол үчүн 13 аянтча пайдаланууга берилип, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча 7 долбоор ишке ашырылган.