Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ала-Тоо" депутаттык тобунун кезексиз жыйыны болуп өттү.
Парламенттен билдиришкендей, жыйында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу баяндама жасады.
Талкуу маалында депутат Чолпон Эсенаманова Төө-Ашуу – Суусамыр – Арал жолунун курулушу качан башталарын сурады. Буга Бактылуу Аскар уулу жооп берип, аталган жолго байланыштуу даярдык иштери аяктаганын, ноябрь айынын аягында подрядчы компания менен келишим түзүү күтүлүп жатканын билдирди.