Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна кар көчкү түштү

Коом Загрузка... 12 Февраль 2026 09:55
631960379_1217341940574550_2628883811569665747_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Бүгүн Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө (243-296-чакырымы) кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол эки тараптуу жабык. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.

Тазалоо иштери министрликке караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.