Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Гидрометеорологиялык кызматтын адистери Кара-Кулжа районундагы Кара-Таш айылына жакын кар көчкү коркунучу бар тилкени изилдешти.
Мекеменин маалыматына караганда, изилдөө Ой-Тал айыл өкмөтүнүн расмий кайрылуусунун негизинде жүргүзүлдү.
"Анын жыйынтыгы боюнча айылды кар көчкүдөн коргоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн инженердик-коргоо курулмаларын салуу боюнча сунуштар иштелип чыгууда", - деп айтылат маалыматта.
Мындай чаралар турак үйлөргө жана инфраструктура объектилерине келиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алууга багытталган.