Табигый кырсыктардын алдын алуу: Ташкентте аймактык форум өтүүдө

Коом
722217683_3875558509253986_776215915376307481_n.jpg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 16.18.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 16.18.13.jpeg
Алдыга
Артка
722217683_3875558509253986_776215915376307481_n.jpg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 16.18.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 16.18.13.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынын өкүлдөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча ведомстволорунун жетекчилеринин аймактык форумуна катышууда. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ага ылайык, 19-20-октябрда өтүп жаткан форумга мамлекеттик органдардын, улуттук гидрометеорологиялык жана сейсмологиялык кызматтардын, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү катышып жатат.

Иш-чарада табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу маселелери талкууланууда.

Ошондой эле сел, суу ташкыны жана суу каптоо коркунучтарын, анын ичинде чек ара аралык мүнөздөгү кубулуштарды көзөмөлдөө жана алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштыруу алкагында кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүүдө спутниктик маалыматтарды, геомаалыматтык технологияларды жана математикалык моделдөөнү колдонуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болуучу кесепеттерин баалоо боюнча ыкмалар каралууда.

Форум Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмдөрү жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда өтүп, аймактагы өлкөлөрдүн табигый коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин да камтыйт.