Бишкекте абанын сапатын онлайн көрүүгө болот

Коом
WhatsApp Image 2026-10-29 at 16.40.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-29 at 16.40.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-29 at 16.40.19 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-29 at 16.40.05.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-29 at 16.40.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-29 at 16.40.19 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду. Алардан алынган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп турат.

Абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин расмий сайтынан көрүүгө болот. Анда абанын булгануу көрсөткүчтөрү жана акыркы 24 сааттагы зыяндуу заттардын концентрациясы жарыяланат.

Картада абанын сапаты төрт түс менен белгиленет: сыя көк — өтө кооптуу, кызыл — кооптуу, сары — кооптуураак, жашыл — коопсуз.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 стационардык жана бир автоматташтырылган станция иштейт.