Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстан Анталияда өтүп жаткан Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун 31-конференциясында (COP31) сел, суу ташкыны жана башка табигый коркунучтарды алдын ала аныктоого багытталган санариптик иштелмелерин тааныштырды.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 16-ноябрда Кыргызстандын "Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү" павильонунда эки эл аралык иш-чара өтүп, анда кооптуу жаратылыш кубулуштарын мониторингдөө жана божомолдоо маселелери талкууланды.
Иш-чарада Климаттык туруктуулуктун маалыматтык системасы (CRIS AIS) жана сел коркунучунун атласы көрсөтүлдү. Бул куралдар климаттык жана географиялык маалыматтарды талдап, табигый кырсыктар коркунучу бар аймактарды аныктоого жана божомолдоону жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Мындай технологиялар кооптуу аймактарды алдын ала аныктоого, өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын даярдыгын жогорулатууга жана алдын алуу чараларын көрүүгө жардам берет. Ошондой эле RESILAND долбоорун өнүктүрүү, спутниктик жана геомаалыматтык технологияларды колдонуу, эл аралык кызматташтык маселелери каралды.