COP31: Өнөктөштөр менен "Бишкек+25" саммитине даярдык талкууланды

Коом
COP31: Өнөктөштөр менен "Бишкек+25" саммитине даярдык талкууланды
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстан 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" эл аралык саммитине даярдык көрүүдө эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, маселе 18-ноябрда Анталия шаарында COP31 климаттык конференциясынын алкагында Кыргызстандын делегациясы Кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана чыгымдардын ордун толтуруу фондунун катчылыгынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен долбоордун абалы жана мындан аркы кызматташуу маселелери каралды. Ошондой эле каржылоого түз жетүү механизмдери, Santiago Network тармагы аркылуу методологиялык колдоо алуу маселелери дагы көтөрүлдү.

Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кызматташуунун кийинки кадамдарын биргелешип иштеп чыгууга макулдашты.