Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 стационардык жана бир автоматташтырылган станция иштейт. Датчиктерден алынган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жаратылыш ресурстары министрлигине жана Бишкек мэриясына жөнөтүлүп турат.
Абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин расмий сайтындагы картадан онлайн көрүүгө болот. Анда абанын булгануу көрсөткүчтөрү жана акыркы 24 сааттагы зыяндуу заттардын концентрациясы берилет.