Шашылыш билдирүү! Түштүк аймакта үшүк жүрөт

Коом
Шашылыш билдирүү! Түштүк аймакта үшүк жүрөт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Түштүк аймакта үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-17-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

“Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу”,-деп айтылат маалыматта.