Кожомкул айылында мектептен чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык
Кожомкул айылында мектептен чыккан өрт өчүрүлдү
copyright icon www

Бишкек, 29.10.26 /Кабар/. Бишкектин четиндеги Кожомкул айылында мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт саат 12:09да чектөөгө алынып, саат 12:36да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-октябрда Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Горький көчөсүндө жайгашкан мектептен өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүү бөлүмү жана ыкчам топ тартылган.