Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

Коом
Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот
copyright icon WWW

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-17 метрге жетиши күтүлөт.

Министрлик жарандарды сак болууга жана катуу шамал учурунда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.