Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. 6-ноябрдан 8-ноябрга чейин Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаап өткөн жана түзүлгөн карга байланыштуу аталган жолдун 74-90-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт.
Ушуга байланыштуу айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо жана жолдо этият болуу сунушталат.