Амирдин өлүмү: ӨКМде бир катар жетекчилер кызматтан алынып, кылмыш иши козголду

Коом
Амирдин өлүмү: ӨКМде бир катар жетекчилер кызматтан алынып, кылмыш иши козголду
copyright icon WWW

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Жашы жете элек Амир Кунакуновдун каза болуу жагдайларын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимдери менен өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев, ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов ээлеген кызматттарынан бошотулду.

Ошондой эле кабыл алынган тартиптик жана кадрдык чаралар менен катар окуяга укуктук баа берилет.

Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн алкагында окуянын жагдайлары, жашы жете элек өспүрүмдү куткаруу үчүн кабыл алынган чаралардын өз убагында жана толук болушу, ошондой эле ӨКМдин жооптуу кызмат адамдарынын аракеттери жана аракетсиздиги ар тараптуу изилденет.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча аларга мыйзамда белгиленген тартипте укуктук баа берилет. Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуу тапшырылды. Алардын катарында ыкчам чара көрүү системасын өркүндөтүү, тоолуу жерде туруктуу байланышты камсыз кылуу, куткаруу бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өз убагында тартуу бар.

Аныкталган кемчиликтерди жоюу жана шашылыш чара көрүү системасын өркүндөтүү маселелери өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берген.

Эске сала кетсек, 2026-жылдын 7-ноябрында саат 19:02де 112 бирдиктүү шашылыш кызматтардын номерине тоолуу жерде түшүп бара жатып багытын жоготкон жашы жете элек өспүрүмдөн куткаруучуларга жардам сурап кайрылган билдирүү түшкөн. 9-ноябрда Электро чокусунун районунда издөө-куткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүмдүн сөөгү табылган.