Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубековичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, 9-ноябрда "Ала-Арча" жаратылыш паркынын аймагындагы Электро чокусунан 2011-жылы туулган Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Буга чейин 7-ноябрда өспүрүм кечки саат 19:02де адашып кеткени тууралуу 112 кызматына билдирген.