Алай жана Кара-Кулжада сел коркунучу бар аймактар текшерилди

Аймак 1 октябрь 2026 09:10
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Алай жана Кара-Кулжа райондорунда сел жана суу ташкыны коркунучу бар аймактарды жеринен көрүп, алдын алуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына караганда, Алай районунда министр Гүлчө шаарындагы сел тосмосунун курулушун жана дренаждык тутумдардын абалын карады. Ошондой эле Тилек-Теш айыл аймагындагы сел коркунучу бар тилкелерде жүргүзүлүп жаткан жээк бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кара-Кулжа районунда Тар дарыясынын эрозияга учураган жээги жана Алайкуу айыл аймагындагы селден коргоочу курулмаларга байланыштуу аймактар текшерилди.

Иш сапардын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктерин бекемдөө жана дренаждык тутумдарды жакшыртуу маселелери талкууланды.

Министр кооптуу тилкелерди так аныктап, калктуу конуштарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.