Чүй дарыясындагы жээк бекемдөө иштери октябрь айында толук аяктайт

Аймак 8 октябрь 2026 09:48
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, план боюнча жалпы 9 тилкеде, узундугу 7 240 метр болгон жээкти бекемдөө каралган.

Анын ичинен:

  • Сокулук районунда — 3 630 метр;
  • Аламүдүн районунда — 3 110 метр;
  • Ысык-Ата районунда — 500 метр.

Бүгүнкү күнгө карата аталган тилкелердин 4 590 метринде бекемдөө иштери толугу менен аяктады. Калган 2 650 метр тилкеде жумуштар улантылып, октябрь айынын аягына чейин толук бүткөрүлө турганы пландалууда.